УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ден соолугуна байланыштуу ооруканада жатат. Маалыматты мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Учурда Ташиевдин ден-соолугу канаттандыраарлык экени айтылат.
Садыр Жапаров премьер-министр болуп шайланып, президенттин милдетин аткарууну колго алгандан кийин Камчыбек Ташиевди УКМКга төрага кылып дайындады.