Президенттик шайлоого талапкерлер Садыр Жапаров, Бабыржан Төлбаев жана Аймен Касенов шайлоочулардан керектелген 30 миң кол топтоп БШКга тапшырышты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Тапшырылган колтамгалардын саны:
Садыр Жапаров – 59 998;
Бабыржан Төлбаев —58 029;
Аймен Касенов-46 270.
Белгилей кетсек, берилген мөөнөт бүгүн түнкү саат 23:59да аяктайт. Ага чейин талапкерлер 30 миңден кем эмес, 60 миңден ашык эмес кол чогултуусу зарыл.