Биз менен байланыш учун

Жаңылыктар

Атай Өмүрзаков: Ушундай кырдаалдан улам таланттуулар өлкөбүздөн чыгып кетишинен корком

Маалымат

Бийчи Атай Өмүрзаков ырчылар Курал Чокоев жана Кайрат Примбердиевдердин наамынан ажыратууга болгон пикири менен жеке баракчасында бөлуштүү.

«Ким эмнени кааласа, ошону ойлоп табат. Эмненин туура же жаман экенине баа берүү меники эмес. Мен биздин бийликтин мындай реакциясын гана сындап жатам. Пайдасыз наамды берип, анан эл алдына алып койгон негизсиз. Мен шоуну көрө элекмин жана колдобойм. Авторлор өздөрү кечирим сурап, долбоорду жаап салышкан. Ал эми, Кайрат менен Курал таланттуу адамдар жана андайлар саналуу гана. Ушундай кырдаалдан улам алар өлкөбүздөн чыгып кетишинен корком»-деп жазат Өмүрзаков.

Окууну улантуу
5 комментариев

5 Комментарийлер

  1. Аноним

    14.01.2021 at 11:57

    Атай айланайын сен биринчи кор,анан туура туура эмесине баа бер,биз батыш мамлекеттери эмеспиз,Куралды,Кайратты сыйладык,кайратты Кыргыздын сыймыгы дедик,бирок бул жигиттер Кыргыздын менталитетине такыр туура келген иш кылышты,улуу-кичуу бар туура эмес создор суйлонуп атат,мындан жаштар кандай тарбия алат,Ото эле аша чаап кетип атышат башкаларга сабак болсун,демократияга жамынып туура эмес нерселерди кыла бериш керекпи,мен кыргвзстандын бир чакан айылында жашаган карапайым апа катары айтып жатам,элден кечирим суршасын элди сыйласын анан Кыргыз калкы аларды сыйлап алат,эч нерсеге жарабаган тош белгини кубанып эле сыймыктанып эле тагынып журушкон да эми эч нерсеге татыбаса тапшырып койушсун аларды эч ким чыгып кет деген жок уяттарына чыдабай чыгып кетсе оздорунун иши,алар кетсе шоу бизнес токтоп калбайт миндеген жылдардан бери келе жаткан Кыргыздын ыр куулору токтоп калмак беле ,ырлар ырдала берет!

  2. Аноним

    14.01.2021 at 21:48

    Туура айтасыз. Биздин менталитетке булардын кылган иши такыр туура эмес. Чара корулгону эн туура. Жайына койсо эртенки куну сахнага жыланач чыгышат. Чет олкого чыкса чыгып кетишсин. Барган жагында буларга окшогондор пруд пруди

  3. Токур

    15.01.2021 at 01:07

    Ага окшогон таланты жок эле жашайт кыргыз эли, чыгып кетсе кетсин дом 2 га алат.

  4. Бакыт

    15.01.2021 at 04:12

    Кеткиле кеткинер келсе Кыргызстандан кыргыздын учу кур эмес силерге караганда Кытайда туулуп оскон Акматбек Султан уулу мыкты жигит Кыргызстанга келип окуп айтыш жагында маданиятты которуп атат.

  5. Тынчтык

    16.01.2021 at 12:27

    Сөгүшүп сүйлөш боюнча таланттуу экен, тан бердим. Маданият кызматкери, белгилүү ырчы ушундай кылса туура эмес. Башка ырчылар анын көңүлү деп колдогону дагы туура эмес, кылган ишине жооп берсин, тапшырсын алган сыйлыгыны. Телеканалдар аны ырларына, клиптерине байкот жарыяласа жакшы болмок, башкаларга дагы сабак болот эле

Комментарии калтырып чыгуу

Ваш адрес email не будет опубликован.

Реклама

Акыркы жанылыктар