Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жамал Сейдакматова каза болду. Бул тууралуу кинематография департаментинин сайтына жарыяланды.
Маалымат Сейдакматованын келини Асел Чоткараевага таянып жазылган.
Ага ылайык, актриса катуу оорудан 16-февралда саат 3:00 чамасында каза болгон.
«7tv.kg» сайтынын эмгек жамааты Жамал Сейдакматованын дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.