7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
23°C

«28 миллион доллар». Жети жашар Анастасия эң көп киреше тапкан блогер аталды

751

Россиялык Анастасия Радзинская дүйнө жүзү боюнча эң көп киреше тапкан YouTube блогерлердин катарына кирди.

Маалыматка ылайык, Анастасия 2021-жылы 28 миллион доллар киреше таап, үчүнчү жолу эң бай YouTube блогерлердин тизмесине кирди.

Ал Краснодарда төрөлүп, учурда үй бүлөсү менен Майамиде жашайт. Жаңы төрөлгөндө Настяны дарыгерлер эч качан баса албайт жана сүйлөбөйт деп айтышкан. Кыздын ата-энеси бардык күчүн аны дарылоого жумшап, бир нече жылдан кийин оорунун белгилери жоголгон. Ыкмалардын бири камерага иштөө болчу. Видеого тартылуу аркылуу Настянын ата-энеси аны айлана чөйрө менен байланышта болууга үйрөтүшкөн.

Анын тарткан видеолорунун көпчүлүгү өзүнүн идеясына таандык жана анын роликтерин орус, англис, араб жана испан тилдеринде көрүшөт. Видеолорунда мектепке барганы, тамактанганы, жаңы кийимдерге кубанганы, ойногону, эркелегени жана башка күнүмдүк жашоосун чагылдырат. Мындай контент жаш актрисага ай сайын жүз миңдеген доллар киреше алып келет.

Белгилей кетсек, былтыр Настя жеке товарлардын линейкасын жана NFT-коллекциясын чыгарган. Ошондой эле, 2019-жылы 18 миллион доллар кирешеси менен үчүнчү орунга чыккан. 2020-жылы анын кирешеси 18,5 миллион доллар болуп, ал жетинчи баскычка илинген.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

752