7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  

Курсы валют:

84,82
USD 0,00%
96,14
EUR 0,00%
1,10
RUB 0,00%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
0°C

Административдик имарат куруу үчүн тендер жарыяланды. Талаптары кандай?

233

Борбор Азиядагы Америка университети “Токомбаев, 7/8 көчөсүндөгү бөлүнгөн жерге Сейсмология институтунун административдик имаратын куруу” долбоорун ишке ашырууга кызыкдар болгон курулуш компанияларын тендердик сынакка катышууга чакырат.

Административдик имараттын жалпы аянты: 1853 м2.

Курулуш компанияларына болгон минималдуу талаптар:

— Көп кабаттуу үйлөрдүн капиталдык курулушунда башкы подрядчы катары иш тажрыйбасы;

— Акыркы үч жылдагы жүгүртүүнүн минималдуу көлөмү: 85 миллион сом;

— Капиталдык курулушта беш жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;

— Штатта квалификациялуу жана сертификаты бар адистердин болушу;

— Байланыш маалыматтары көрсөтүлгөн кардарлардын сунуштары;

— Кыргызстандагы курулуп бүткөн объектилери;

— Курулуш иштеринин тиешелүү түрлөрүн жүргүзүүгө жооптуу катары көрсөтүлгөн 2-даражадагы лицензиясынын көчүрмөсү;

— Кардарлардын байланыш маалыматтары менен имаратты пайдаланууга берүү актысынын көчүрмөлөрү;

— Өндүрүштүк базанын курулуш техникалары жана көтөрүүчү механизмдеринин болушу (менчик/ижара);

— Эмгекти коргоо, коопсуздук чаралары жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чаралардын өздүк программасынын болушу.

Конкурска катышуу акылуу, төлөмдүн наркы: 10 000 сом.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү маалыматтарды берүү керек:

— Конкурстук комиссиянын дарегине катышууга кызыкдар экендигин билдирген расмий кат;

— Компаниянын реквизиттери, толук аты-жөнү, дареги, телефону, электрондук почтасы ж.б.;

— Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

— Банктагы реквизиттери;

— Акыркы үч жылдагы (2018-2020) бардык тиркемелери менен Бирдиктүү салык декларациясынын көчүрмөлөрү;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан 2-даражадагы курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүгө берилген лицензиянын көчүрмөсү;

— Ишкананын штаттык жүгүртмөсү жөнүндө маалымат (туруктуу кызматкерлердин саны жана алардын акыркы үч жылдагы ээлеген кызматы). Негизги адистердин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүү, электр менен жабдуу, канализация жана суу менен камсыздоо тутумдарын монтаждоо үчүн жарактуу квалификациялык сертификаттары болууга тийиш;

— Курулуш иштерин жүргүзүү үчүн курулуш техникаларын жана жабдууларына ээлик кылуу же ижарага алуу укугун тастыктоочу документ (тизме тиркелет);

— Көп кабаттуу үйлөрдү куруу боюнча аткарылган иштердин көлөмдөрү (тастыктоочу документтери: имараттарды пайдаланууга берүү актыларынын көчүрмөлөрүн көрсөтүңүз);

— Курулуп бүткөн имараттардын тизмесин сүрөттөрү менен тиркеп, дарегин, негизги параметрлерин жана кардарлардын байланыш маалыматтарын көрсөтүңүз;

— Кардарлардын сунуштама каттары жана алардын байланыш маалыматтары;

— Конкурска катышуу үчүн 10 000 сом өлчөмүндөгү алымды төлөө тууралуу тапшырмасы.

Төлөм төмөнкү эсепке сом менен жүргүзүлүүгө тийиш:

Кабыл алуучу: Борбор Азиядагы Америка университети (АУЦА)

Кабыл алуучунун эсептик саны: 1280016003830503

Банктагы кабыл алуучу: ЗАО КИКБ

БИК: 128001

Сынакка катышуу үчүн төлөм тапшырмасы менен бирге документтерди берүүнүн акыркы мөөнөтү: 2022-жылдын 24-январы, саат 18:00гө чейин Бишкек ш., көч. А.Токомбаева 7/6 (Финансы кеңсеси Ольга Майорова, e-mail: maiorova_о@auca.kg)

Кошумча маалымат алуу үчүн: 0 555 88 88 07 номуру аркылуу байланышсаңыз болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

234