Эстрада ырчысы Айгерим Расул кызы өлкө башчы Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына жазган.
«Ойгонолу! Викрам Рузакуновдой кыргыз жаранын, өз мекендешин колдон сууруп, катуу талап коюу менен бошотуп алган Президентибиз жана УКМКнын башчысы болду беле бизде? Буга чейинки бир дагы Президентибизди тоготпогон Казакстандан Викрам бошотулаарына кам сана болгонбуз!
Ишенимдерибизди актаган, элибиз үчүн күйгөн Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиевге алкыш кылалы элим!», — деп жазган ал.