7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айылдаштарынын малын уурдаган келин кармалды

1444

Кара-Кулжа районунда мал уурулук кылган адамдардын тобу кармалды. Бул тууралуу ОШ ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга 2021-жылдын 6-мартында Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айылынын 58 жаштагы тургуну Т.А. арыз менен кайрылып, 5-мартта 6 жашар бээсин талаадан уурдатканын билдирген.

Арыз Кара-Кулжа РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөөнүн жүрүшүндө мал уурулук фактысы боюнча бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган Кара-Кулжа районунун Чалма айыл аймагына караштуу Токбай-Талаа айылынын 30 жаштагы тургуну Ж.у.Э. шектүү катары кармалып, Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Сурак учурунда Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айыл аймагынын Сай айылынан дагы 1 баш жылкы уурдаганы маалым болгон. Бул факт Кара-Кулжа РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, жогорудагы кылмыштарды өзү жалгыз эмес, өзүнүн шериктеши — Өзгөн районунун Куршаб айылынын 27 жаштагы тургуну Т.к.А. (аял киши) менен бирге жасагандыгы ачыкка чыккан.

Шектүү Т.к.А. Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары уланып жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1445