7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  

Курсы валют:

84,82
USD 0,00%
96,04
EUR 0,00%
1,10
RUB 0,00%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
0°C

«Ак-Тилек» өткөрүү жайында 130 оор жүк ташуучу автоунаанын тыгыны пайда болгон

322

Кечээ, 11-январда Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы «Ак-Тилек» постунда унаалардын тыгыны пайда болгон. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 22:00гө карата «Ак-Тилек» көзөмөл өткөрүү жайына кире беришинде Кыргызстандан Казакстанды көздөй авто транспорт каражаттарынын тыгыны байкалган. Чек ара көзөмөлүнөн өтүүгө 130 оор жүк ташуучу транспорт каражаттары кезек күтүп турушкан.

«Аталган өткөрүү жайында оор жүк ташуучу транспорт каражаттарынын тыгыны дайыма ушундай болбостон майрамдан кийинки жүк ташуулардын көбөйгөнүнөн жана Казакстандын аймагында текшерүү комплексинен өтүүсүнө байланыштуу орун алган»,-деп берилет билдирүүдө.

Белгилей кетсек, учурда кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

323