7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  

Курсы валют:

84,82
USD 0,00%
96,04
EUR 0,00%
1,10
RUB 0,00%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
0°C

Жапаров Алихан Смаиловду премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады

376

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Алихан Смаиловду Казакстан Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

«Сиздин зор тажрыйбаңыз жана кесипкөйлүгүңүз боордош өлкөбүздү кайгылуу окуялардан кийин тез арада калыбына келтирүүгө кызмат кылып, аны туруктуу өнүгүү жолуна кайтараарына ишенем. Өз тарабымдан биздин өлкөлөрдүн элинин кызыкчылыгы жана бакубаттуулугу үчүн келечекте эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө жана чыңдоодо биргелешкен активдүү ишке даяр экенимди тастыктайм», — деп айтылат куттуктоодо.

Министрлер Кабинетинин башчысы Казакстан Республикасынын Премьер-министрин 2022-жылы Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Ошондой эле Акылбек Жапаров Смаиловго чың ден-соолук, бакубаттуулук жана жооптуу мамлекеттик кызматта ийгиликтерди, ал эми бир тууган казак элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

377