7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
21°C

Акылбек Жапаров ооруканаларды кыдырып, бир катар тапшырмаларды берди

305

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Саламаттык сактоо министрлигинде кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кеңешменин жүрүшүндө өлкөдөгү эпидемиологиялык абал жана коронавирус инфекциясы дартынын күчөп кетүү ыктымалдыгына даярдык маселеси талкууланды. Министрлер кабинетинин башчысы медициналык мекемелердин коронавирус инфекциясынын күчөшү ыктымалдыгына толук даярдыгын камсыздоону тапшырды.

Кеңешменин алкагында ведомствонун ишинин актуалдуу маселелери, анын ичинде кадрдык маселелер, медициналык кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу, медициналык мекемелердеги кызматкерлердин штаттык расписаниесин оптималдаштыруу, саламаттык сактоо тутумун санариптештирүү маселеси талкууланды.

Акылбек Жапаров ошондой эле Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна, Медициналык тез жардамдын Шаардык балдар клиникалык ооруканасына барды.

Ал медициналык мекемелердеги бейтаптарды дарылоо жана дарылануу шарттары менен таанышып, медицина кызматкерлери менен баарлашып, аталган ооруканалардагы актуалдуу маселелерди чечүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

306