Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбековго батир берилди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти Дамирбек Асылбек уулу жана аталган федерациясынын бюросунун мүчөсү Рустам Жон Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси Акжол Махмудовго эки бөлмөлүү батир берди.
Күрөш федерациясынын грек-рим күрөшү боюнча вице-президенти Ахрор Иминов Акжол Махмудовго автоунаа, ал эми дүйнө чемпионатынын күмүш медалынын ээси Жоламан Шаршенбековго бир бөлмөлүү батир берди.
Ошондой эле Федерациянын бюросунун мүчөсү Тимур Пазылов грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын машыктыруучусу Азат Эркимбаевге үй белек кылды.
Мындан сырткары, федерациянын бюросунун атынан U20, U23, U17 курамасынын машыктыруучулары Шухрат Ушуров, Арсен Эралиев, Ратбек Мамбетовго 50 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырышты.