7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  

Курсы валют:

84,82
USD 0,00%
96,14
EUR 0,00%
1,10
RUB 0,00%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
0°C

«Голос» долбоорунун жеңүүчүсү Александр Волкодавга 100 миң сом тапшырылды

233

Бүгүн, Азамат Жаманкулов Александр Волкодавга «Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси жана 100 миң сом тапшырып, жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө келечектеги пландар, аны ишке ашыруу аракеттери тууралуу бааралашуу болуп, Александр алдыда чыгармачылык менен тынымсыз иштөө, мындан ары “Пелагеянын” тобунда чоң чыгармачылык гастролдордо болорун, келишимге ылайык, иш графиги тыгыздыгын маалымдады. Бирок кандай болгон күндө да Кыргызстан анын көңүлүнүн борборунда болоорун белгилеп, дайыма байланышта боло турганын тастыктады.

Министр сүйлөшүү учурунда Александрды Кыргызстан менен Россиянын эриш аркак жылынын жабылыш салтанатына катышуу сунушун айтып, аны ар тараптан колдоого даяр экендигин белгиледи.

Эске салсак, 32 жаштагы Александр Волкодав Россиянын «Голос» долбоорунун онунчу сезонунун жеңүүчүсү болуп, ал долбоордун финалына чыккан. Ал эми 2021-жылдын 30-декабрында, жаңы жылдын алдында музыкант Кыргызстан элине белек катары долбоордун жеңүүчүсү болгон.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

234