7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
23°C

«Антарктидада 8 илим изилдөөчүнү куткарып калдык». Круиздик кемеде иштеген кыргыз жигити

1520

Бир нече жылдан бери круиздик кемеде иштеп, 30дан ашуун мамлекетти көрүп, учурда Антарктидада жүргөн кыргыз жигит Улукбек Аманалиев менен 7-каналдын кабарчысы Гүлзада Абдырахманова маектешти.

Алгач Антарктидага эмне болуп барып калганыңыз жөнүндө айтып берсеңиз?

 

-Чет өлкөгө сапарым башкалардыкындай болуп эле Москвадан башталган. Андан соң, Түркия, Дубай болуп уланып кетти. Кийин Жер ортолук деңизинде жургөн экспедициялык лайнерге жумушка кирип, дүйнөнүн 30дан ашуун өлкөсүндө болдум. Түштүк Американы толугу менен кыдырып бүтөюн деп калдым. Учурда Антарктидадамын, февраль айынын аягына чейин болом. Антарктида түштүк жарым шаарда жайгашкан үчүн бул жакта азыр жай, июль айы. Ошол себептен келдик.
Антарктида сизди таң калтырган нерсе же болбосо кызыктуу кандай учур болду?

— Андай нерселер көп эле. Кечээ менин көзүмчө эле чоң айсберг сынып, чачырап кетти. Жөн эле өзүнөн өзү. Көз менен көрүп, телефонго тартканга жетишпей калдык. Пингивиндердин ар кандай түрлөрүн көрдүм. Бирок мыйзам боюнча аларга жакын жологонго болбойт. Кечээ дагы бир жагдай болду. Бул жакта илимий-изилдөө станциясында жашап, иштеп жүргөн 8 кызматкерди сактап калдык. Алар Швеция, Англиядан келген изилдөөчүлөр экен. Аларды жумуштары бүткөн соң кеме келип алып кетмек экен, бирок белгисиз себептерден улам ал кеме келбей калыптыр. Анан эң жакын кеме биз болуп, баарын алып кеттик. Көптөн бери азык-түлүгү жок калып, ачка калышыптыр. Азыр биз менен бирге жүрүшөт, рахматын айтып бүтпөй жатышат. Кыргызстан жөнүндө мен дагы бүт баарына эле айтып берип жатам.

Чет өлкөгө чыгуудагы негизи максатыңыз?

— Негизги максатым саякаттоо, андан соң гана акча табуу. Ушул жылы жаңы жылды түштүк уюлдан тостум. Бул жакта азыр 24 саат бою жарык болуп турган учур. Өмүрдүмдө биринчи жолу жаңы жылды күн тийип турган учурда тостум. Мындан ары Чили, Перу, Колумбия, Эквадор болуп дүйнөнү кыдырып кете беребиз. Түштүк уюлду толугу менен кыдырып бүткөн соң, түндүк уюлга өтөбүз.
Антарктида изилдөөчүлөр менен 6 жолу кемеден сыртка чыгып, континенттерди көрүп келдим. Мага аябай жакты бул жер. Бул жакта озон катмарындагы тешик чоң болгон үчүн күн аябай катуу тиет, эшикке чыксаң 5 мүнөттө эле бети-башыңды кыпкызыл кылып күйгүзүп салат. А эгер күн жоголуп кетсе аябай суук болуп кетет. Күн катуу тийип турган учурда сууга да түшүп көрдүк.

Кыргызстандын кайсы жеринен болосуз? Алдыда Кыргызстанга биротоло келүү планыңыз барбы?

— Өзүм 1991-жылы Нарын облусунун Нарын шаарында төрөлгөм. Мектепти ошол жакта аяктаган соң Бишкекке келип окудум . Бул жактан 2 айга эмгек өргүүгө чыгам, ошол учурда Кыргызстанга барып, келип турам. Үй-бүлөм бар, 2 кыздын атасымын. Алар айылда ата-энем менен чогу турушат. Бир жолу Кыргызстанда эле иштейин деп ойлодум. Бирок жакшы маяналуу жумуш таба алган жокмун. Албетте алгач ар кайсы жерде иштеп көрдүм, бирок ойдогудай болбой койду. Анан кайра эле чет жакка чыгып кеттим. Анан албетте келечекте Кыргызстанга барып, иштөө пландарым бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

1521