7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  

Курсы валют:

84,82
USD 0,00%
96,04
EUR 0,00%
1,10
RUB 0,00%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
0°C

Апасы ичимдикке берилип кеткен. Көчөдө тоңуп калган балага жардам көрсөтүлдү

4835

Көп кабаттуу үйлөрдүн алдында бир канча убакыт суукта жүргөн балага милициялар жардам беришти. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жашы болжол менен 6-7 жаштагы бала көчөдө бир нече сааттан бери суукта жүргөнүн шаардын тургуну милиция кызматкерлерине кабарлаган. Алар суукта жалгыз жүргөн баланы табышып, бала үшүгөндүктөн, жакшы сүйлөй албай калгандыгын айтышат.

Баланын айтымында, апасы көп убакыттан бери спирт ичимдиктерин ичип жүргөндүгүн, акыркы жолу чогуу баратканда, көчөдө мас болуп уктап калганын, бала болсо ал жерден кетип, кайра келсе энеси жатып калган жеринде жок болгонун айткан.

Милиция кызматкерлери ал баланы балдар үйүнө убактылуу өткөрүп беришип, энесин издеп, ал эми энеси шаардын көчөлөрүнүн биринде мас абалында жүргөндүгү аныкталган.

“Баласы кайда жүргөндүгүн сурашканда, энеси жооп кайтара алган жок”, — деп билдиришти милициядан.

Учурда маселени мыйзам чегинде чечүү максатында баланы мэриянын балдарды коргоо боюнча бөлүмүнө өткөрүп беришкен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

4836