7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  

Курсы валют:

84,82
USD 0,00%
96,14
EUR 0,00%
1,10
RUB 0,00%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
-2°C

Арам тузак. Мамлекеттик кызматкерлердин атын жамынып акча тапкан шылуундар

539

Маданият кызматкери Үмүтай Абдышовага жакында белгисиз адамдар өкмөттөн байланышып жаткандыгын айтып, резиденцияда өтүүчү мамлекеттик сыйлоого катышасыз деп алдашкан. Ал үчүн 4500 сом акча которууну да сурашкан. Абдышова буга чейин айфон утуп алдыныз деп 20 минге алданып калгандыгы үчүн, бул жолу анчейин ишенген эмес. кийинчерээк ал шылуундар башка маданият кызматкерлерине да дал ушундай ыкма менен байланышка чыгышканы белгилүү болгон.

“Өткөндө “Айфон утуп алдыңыз” деп Россиядан чалып, анысына-мунусуна деп кайра-кайра акча котортуруп атып, баш-аягы 20 000 ден ашык которгом. Ага да тойбой, “Акыркысы, доставкасы эле калды” дейт. Кайра эле үмүт пайда болуп атып араң токтогом.

Бир апта мурун бирөө “Өкмөттөн чалып атам, баланчасында резиденцияга барасыз. ПЦР тесттен өтүңүз, паспорт алыңыз, жашаган жериңизден справка даярдаңыз, анан дагы белек ала барыңыз баланчаевке” деди.Ошентип, кыз айтканын аткарып, дагы ошончо миңди коротуп отуруп калдыыы…

Бара турган күнү ал номурду терсем, “Мындай номер жок” деп эле кайталай берди оператор. Кыз артист көйнөгүн камдап, бети-башын шыбап, болжогон убакты күтүп отурат. Баягыдан кабар жок. Иш-чара башталарына аз калганда, аты-жөнүн издеп мессенжерге жазсам, ал болбой чыкты. Көрсө, ал адамдын атын жамынган экен бир уяты жок белгисиз неме!

Анан отуруп алып эстесем, башында эле шыпылдап “4500” сом которо салыңызчы, эртең кайра которуп коём деди эле.

Воцаппка жазгандары өтө ката болчу. Ичимден ушундай сабатсыздар өкмөттө кантип иштешет деп ойлоп койгом.

Бир нерсени тактайын деп чалганымда коңгуроо кетпей койгон. Аны “Корпоратив номер, өзүм байланышка чыгам. “Шефтин” буйруктары менен жүрөм” деп койгон. Ооба, мени, менден бөлөк резиденцияга барчу 75 кишини карап отурмак беле деп тим болгом” – дейт Абдышова.

Телефон шылуундары айрым мамлекеттик кызматтагы адамдардын атын колдонгон учурлар катталууда. Президенттин пресс катчысынын атын жамынып ар түрдүу отүнүчтор менен адамдарга кайрылгандар кобөйгөн. Бул тууралуу ал фейсбук баракчасы аркылуу эскертип, этият болууга чакырды.

«Акыркы убакта менин атыма жамынып, белгисиз адамдар ар кимге ар кыл “өтүнүчтөр” менен чалып жаткан учурлар көбөйгөнүн эскертип койгум келет. Достор силерден сураныч, телефон шылуундарынан сак болуңуздар! »

Милициянын маалыматында телефон шылуундары боюнча кылмытар акыркы эки жылда азайган. Мурдагы жылдары көбөйүп кеткен учурлар болгон. Арыздардын негизинде кылмыш иши козголуп, чүй облусунда түрмөдө отурган адам аныкталган. Телефон шылуундарына 204- беренеси “Алдамчылык” менен кылмыш иши козголот. Бирок абакта отурган адамдар тарабынан жасаландыктан жабырлануучулар акчасын кайтара албай калышат.

2014-жылы абакта жаткан адамдар тобу телефон аркылуу алдап 12 млн сом чогултууга жетишкен. Кылмыштын бетин ачууда шылуундар ири мамлекеттик кызматта отурган жетекчилерди ошол кездеги президенттин администрациясын жетекчиси Данияр Нарынбаевдин атын сатып кылтакка илгени маалым болгон. Ал эми 2021-жылы дагы бир резонанстуу кылмыштарды жасаган телефон шылууну колго түшкөн, анда дагы абакта отуруп чыккан киши 3 ишкерди ар бирин 250 миңге түшүргөнү аныкталган. Милиция телефон шылуундарынан этияттануу үчүн жеке телефон номерди жарыяга жазуудан жана жазгандан кийин сак болууга чакырат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

540