7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  

Курсы валют:

84,83
USD 0,00%
97,28
EUR 0,00%
1,12
RUB 0,00%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
0°C

“Байнелл” компаниясы “Социал-демократтар” партиясын сотко берди

669

“Байнелл” компаниясы “Социал-демократтар” партиясын сотко берди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттарына компаниянын өкүлү Тилек Медельевдин жактоочусу билдирдиген.

Маалым болгондой, партиянын өкүлдөрү 2020-жылы жергиликтүү депутаттарды шайлоо учурунда аталган компаниянын кызматтарынан пайдаланып, бирок акчасын төлөгөн эмес.

Жергиликтүү шайлоодо “Социал-демократтар” партиясы эң көп каражат жумшаган. Медельевдин айтымында, 2020-жылы 18-сентябрда “Байнелл” ЖЧКсы менен партия шайлоо алдындагы үгүт материалдары боюнча келишим түзүлгөн. Аталган кызматтын жалпы баасы 1 миллион 200 миң сомду чапчыган.

Компания өзүнө алган милдеттенмелерин аткарды, башкача айтканда, партиянын логотиптери бар желектерди, баннерлерди, футболкаларды жана кепкаларды чыгарып, “Социал-демократтар” партиясынын өкүлдөрүнө толук көлөмдө макулдашылган мөөнөттө өткөрүп берди, бул акт менен тастыкталган аткарылган иштер”, — дейт компаниянын өкүлү.

Карыздын жалпы суммасы 1 миллион 144 миң 900 сомду түзөт. Келишимге ылайык, “Социал-демократтар” партиясы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына карабастан, 2020-жылдын 12-октябрына чейин көрсөтүлгөн кызматтардын акысын толугу менен төлөөгө милдеттендирилген.

Бүгүнкү күнгө чейин партиянын өкүлдөрү “Байнелл” ЖЧКсына болгон карызды төлөө боюнча эч кандай чара көрүшпөй жатышат. Ишканадан партиянын ошол кездеги төрагасы Сейитбек Атамбаевдин дарегине бир нече жолу даттануу каттары жөнөтүлүп, маселени соттон тышкары чечүү үчүн карызды төлөп берүүнү суранышкан”, — деп түшүндүрөт жактоочу.

Бирок “Социал-демократтар” партиясынан оозеки да, кат жүзүндө да расмий жооп келген эмес.

Партиянын жоопкерчиликсиздиги жана келишимдик милдеттенмелерди аткарбагандыгы саясий уюмдун өкүлдөрү бүтүндөй мамлекеттин көйгөйүн гана эмес, өздөрүнүн ички каржы маселелерин да чече албастыгын көрсөтүп турат”, — деп сөзүн жыйынтыктайт компаниянын өкүлү Тилек Медельев.

“Социал-демократтар” партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Касымбеков кырдаалга комментарий берип жатып, иш Бишкектин Ленин райондук сотунда каралып жатканын билдирди.

Чындыгында эле “Байнелл” ЖЧКсы “Кыргызстан социал-демократтар” партиясынан 1 миллион 144 миң 900 сом өндүрүү боюнча сотко кайрылган. Иш каралууда. Алдын ала эки жолу сот отуруму болду. Азырынча соттун чечими чыга элек. Бул компания шайлоо алдында кимдир бирөөлөрдүн буйругу менен партияны жаманатты кылгысы келип жаткандай”, — дейт Нурбек Касымбеков.

Белгилей кетсек, 11-апрелде 28 шаарда жана 420 аймакта  жергиликтүү кеңештерге шайлоо болгон. БШКнын расмий маалыматы боюнча, Бишкек шаардык кеңешине шайлоого “Социал-демократтар” партиясы башка партияларга караганда көбүрөөк каражат короткон: партиянын эсебинде 7 миллион 757 миң сом болсо, ал эми чыгашасы 7 миллион 509 миң сомду түзгөн.

Булак: svodka.kg

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

670