7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  

Курсы валют:

84,82
USD 0,00%
96,04
EUR 0,00%
1,10
RUB 0,00%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
0°C

Байсалов: Окуучулар үчүн «Манас Ордо» улуттук комплексине 200 орундуу мейманкана курулат

189

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында бир катар социалдык объектилерге барды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 13-январда Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Эдил Байсалов «Манас Ордо» улуттук комплексине барып, музейдин экспозциясы менен таанышты. Ал маалымдагандай, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, жакынкы арада республиканын булуң-бурчунан «Манас Ордого» милдеттүү түрдө экскурсияга келүүчү мектеп окуучуларын жылы бою кабыл алууга жөндөмдүү 200 орундук мейманкана курууга киришүү зарыл.

Мындан тышкары Эдил Байсалов Кызыл-Жылдыз айылындагы Манас райондук дарыгерлер борборунун жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жакында оңдоодон өткөн имаратынын абалы менен таанышты.

Сапарынын соңунда ал Покровкадагы аралаш психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеге барды.

Эдил Байсалов мекеменин инфраструктурасын текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча оңдоо иштерин жүргүзүү жана мекеменин имаратынын курулушун аяктоо сыяктуу бир катар тапшырмаларды берди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

190