7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  

Курсы валют:

84,82
USD 0,00%
96,04
EUR 0,00%
1,10
RUB 0,00%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
0°C

Баткенде 2 жыл мурда мөөнөтү бүтүп, дагы эле сатыкта турган товарлар өрттөлдү

409

Баткенде мөөнөтү өтүп кеткен таттуулар, кофе жана консервалар өрттөлдү. Айрым товарлардын мөөнөтү 2 жыл мурун эле бүткөнү аныкталды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары маалымдайт.

Баткен шаарында керектелүүчү азык-түлүктөрдү саткан дүкөндөргө рейд жүрүп, андагы сатыкка коюлган товарлардын мөөнөттөрү текшерилген.

Натыйжада, мындан бир нече жыл мурун мөөнөтү бүткөн товарлар алынып салынды. Ошондой эле буга ылайык акт түзүлүп, чогултулган товарлар таштанды талаасына алынып келинип, комиссия менен биргеликте өрттөлдү.

Өрттөлгөн азык-түлүктөрдүн катарында консервалар, кургак чай, томат пастасы, кофе, конфеттер ж.б. товарлар бар. Келишим түзүлгөн сатуу агенттерине мөөнөтү өтүп кеткен торттор, пирогдор өткөрүлүп берилди. Ал эми сатуучулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

410