7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  

Курсы валют:

84,82
USD 0,00%
96,14
EUR 0,00%
1,10
RUB 0,00%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
-1°C

Базар-Коргондо жеке ишкер өз чөнтөгүнөн 5,5 млн.сом бөлүп оорукананы жаңылатты (ФОТО)

399

Базар-Коргондо жеке ишкер оорукананын эски имаратын жаңылап берди. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Анын айтымында, Базар-Коргон шаарынын Абдраимов көчөсүндө жайгашкан №9 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун эски имараты толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүлүп, кошумча 7 бөлмөлүү жаңы имарат курулган. Ал эми бул иштердин баары жеке ишкер Нурлан Сеиткулов тарабынан каржыланып ишке ашырылган.

№9 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имаратынын ачылыш аземине, Президенттин Жалал-Абада облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары жана шаар тургундары катышышып, ыраазычылыктарын билдиришти.

«Оорукана имараты 1956-жылы салынып, иштөөгө ыңгайсыздыктарды жаратып келген. Курулуш иштери 2021-жылдын август айларында башталып, ага жеке ишкер тарабынан 5, 5 млн сом өлчөмүндө акча каражаты жумшалган. Бүгүнкү күнү аталган үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда 21 медицина кызматкери эмгектенип, 19 435 калкты тейлешет», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

400