7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  

Курсы валют:

84,82
USD 0,00%
96,04
EUR 0,00%
1,10
RUB 0,00%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
0°C

Бишкек шаары «кызыл зонага» кирди

635

Өлкөдө короновирус илдетин жуктургандардын саны күндөн-күнгө көбөйүп, Бишкек менен Чүйдө «омикрон» штамынын эки учуру катталды. Ага байланыштуу Бишкек шаары «кызыл зонага» киргенин республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда 303 киши жеңил формада ооруп, 42 кишиде коронавирус симптомсуз өтүүдө. 32 адам ооруканага жаткырылып, бир суткада эки киши каза болду.

«Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда тогуз мобилдик топ иштеп, 118 кызматы телефондон бейтаптарга кеңеш берүүдө. Мындай кырдаалдан улам калк арасында эмдөө, анын ичинде бустердик доза менен камтууну жогорулатуу, коомдук жайларда, өзгөчө коомдук унааларда, соода борборлорунда, коомдук тамактануу жайларында, оюн залдарында, эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүү жана чектөө чараларын киргизүү каралууда»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бүгүн, коронавирус илдетин 465 жаран жуктуруп алган.

Ал эми, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда “омикрон” штаммынын эки учуру катталган.

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

636