Бишкекте айдоочу 28 жаштагы жаранды сүзүп алган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-январда болжол менен саат 18:30 чамасында 19 жаштагы Н.Н. аттуу айдоочу “Тойота Камри” үлгүсүндөгү унаа менен бара жатып, Кулатов көчөсүнүн кесилишинен 1994-жылы туулган Т.У. аттуу жаранды сүзүп алган.
Жөө жүргүнчү бутунан жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
Бул факты боюнча айдоочу Бишкек ШИИББнин Тергөө кызматында.