Бүгүн, 11-январда Бишкекте көп кабаттуу үйдүн лифтине эркек киши кыпчылып калып, каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Октябрь районуна караштуу Улан — 1 кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйдүн лифтине жаран кыпчылып калган. Алдын ала маалымат боюнча, 38 жаштагы А. К. аттуу жаран коляскадагы баласы менен лифтке кирип жаткан учурда, лифт белгисиз себептерден улам өз алдынча иштеп кеткен. Ымыркай жабыркаган жок.
Жерине куткаруу кызматынан 6 куткаруучу тартылган.