19-мартта саат 07:30 чамасында Бишкек шаарынын Салиева көчөсүнөн жаңы төрөлгөн кызды таап алышты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, Салиева көчөсүндөгү №217 үйдүн жанынан көк желим кутучага жаңы төрөлгөн кызды салып таштап кетишкен. Ымыркай ак кездемеге оролгон. Кызды өтүп бара жаткан аял байкап калып, милиция кызматкерлерин чакырган.
«Сырткы келбети азиат улутуна түспөлдөшкөн ымыркайдын дени сак жана аны жетим балдар үйүнө өткөрүп беришти», — деп жазылат маалыматта.
Учурда кыздын энеси аныкталып, тергөө амалдары жүрүп жатат.