7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектеги мектептерде эпидемиологиялык кырдаалды көзөмөлдөө уланууда

2

Борбор калаадагы мектептерде үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, эпидемиологиялык кырдаал тиешелүү кызматтардын өзгөчө көзөмөлүндө турат.

Зарыл болгон учурда Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору атайын буйрук чыгарат, андан кийин балдар карантинге жөнөтүлөт.

Эпидемиологиялык кырдаалды көзөмөлдөө боюнча иш-чаралар күн сайын жүргүзүлүүдө.

Мэрия ата-энелерди кырдаалды түшүнүү менен кабыл алып, балдардын ден соолугуна көз салып турууга, ошондой эле курч респиратордук вирустук инфекциянын же сасык тумоонун белгилери бар балдарды мектепке жөнөтпөөгө чакырат.

3