7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  

Курсы валют:

84,82
USD 0,00%
96,04
EUR 0,00%
1,10
RUB 0,00%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
0°C

Дарыгердин жаны кашайгандагы чындыгы: 1 бейтапты үчөө коштоп келип алат

1648

Буга чейин Оштогу облустар аралык балдар клиникалык ооруканасында кезек күтүүлөр көп болуп жаткандыгы тууралуу видео-маалыматтар чыккан. Ага карата аталган бейтапкананын башкы дарыгеринин дарылоо иштери боюнча орун басары Кутпидин Бекажиев түшүндүрүү берип, жарандарды дарыгерлердин түйшүктүү ишин түшүнүү менен кабыл алууга чакырды.

“Өткөн айларда оору күчөп, күнүнө 250-300 дөй бейтап кабыл алып жаттык. Азыр азайып 150 гө түштү. Ооруканада 40 тай бош койкалар бар. Мисалы кезек күтүү кеңеш алуу бөлүмүндө көп болуп жатат. Ал жерге келгендер өздөрүнүн үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылыш керек негизи, бирок жарандар негедир биздин оорукананы тандашат. Ошол жердеги врачтар деле ошол эле анализ, диагнозду коюшат. Экинчиден мындай алып караганда кезек күтүү көп эмес, бирок адамдар көп, анткени бир жаш баланы 3 чоң адам коштоп келген учурлар көп болот. Кезек күтүүдө түшүнбөстүк орун алып, биздин медицина кыматкерлерине кол көтөргөн, уруп кеткен учурлар катталды. Жарандар ортосунда пикир-келишпестиктер орун алды”, — деди ал.

Ошондой эле, Кутпидин Бекажиев ооруканада акы алынуусу боюнча түшүндүрмө берди.

“Ар бир врачка киргенде 33 сомдон төлөнөт. Ал мамлекеттик антимонополия тарабынан бекитилген, акча казынага түшөт, бизге тиешеси жок. Андан сырткары айрым анализдер 250 сомдон 400 сомго чейин болушу мүмкүн. Сөзсүз кассага төлөнүп чек берилет. Андай болбогон учурда мага кайрылса териштирип берем”, — деп баса белгиледи.

Белгилей кетсек, Оштогу балдардын областар аралык клиникасына Баткен, Жалал-Абад областарындагы жана Оштун райондорунан жолдомо аркылуу келип даарылангандар көп. Аталган оорукана балдар арасында жугуштуу оорулар күчөгөн кезде орундар толуп кошумча койкаларга муктаж болуп калат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

1649