7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
22°C

Дубайда жашаган Назым Ажыматов: «Кыргыз жери бейиш» деген араптарды эми түшүндүм»

5357

«Чет жердеги мекендеш» рубрикабыздын каарманы бул ирет Дубайда эмгектенип жүргөн Назым Ажыматов болду. Ал белгилүү акын, журналист Зайырбек Ажыматовдун уулу. «Атамды жоготкондон кийин катуу өзгөрдүм» деген каарманыбыз чет жердеги жашоосу, мекенге болгон сагынычы, жаңы баргандагы кыйынчылыктары тууралуу кеңири айтып берди.

— Дубайга барганыңызга канча болду? Эмне жумуш кылып жатасыз?
Бириккен араб эмирлигине келгениме эки жылдын жүзү болду. Баары жакшы. Эл катары иштеп жатам. Жаңы келгенде бир бизнестерге аралашып, Кыргызстанга үй тиричилик техникаларын жөнөтүп иштедим. Бизнес өзү оңой жумуш эмес экен. Бир жылдай ушул багытта иштеп жүрдүм, жолум такыр болбой эле туруп алды. Анан туруктуу жумушка кирүүгө туура келди. Андан кийин «Атлантис” деген дүйнөгө белгилүү компаниянын даярдоо курсуна өтүп кеттим. “ Атлантис” — Пальм Жумейра деген аралда жайгашкан. Дүйнө жүзү боюнча Гаваиде анан Дубайда бар. Бул мен үчүн жетишкендик болду. Себеби аталган компанияга кирүү оңой эмес. Бир айлык окуу курсун аяктаган соң, багытыңды өзүң тандасаң болот. Мен мурда аскер кызматкери болгон үчүн куткаруу кызматын тандап алдым. Ал жагында 6 ай иштеп, азыр калкты тейлөө жагында эмгектенип жатам. Шарттары абдан жакшы каралган.

— Атаңыз акын, журналист Зайырбек Ажыматов сиздин аскер адамы экениңизди интернет баракчасына сыймыктануу менен жазып калчу эле, ал жумуштан эмнеге чыгып кеттиңиз? Чет жакка чыгуу ойлоруңуз мурда эле бар беле?

— Кичинемде эле органда иштесем деп кыялданчу элем. Кийин юридикалык колледжде окудум. Анан аскерге кеттим. Андан ары Жазаларды аткаруу кызматына жумушка кирдим, №2 түзөтүү колониясында нөөмөтчү болуп 2 жыл иштедим. Ал жерде чогу иштеген улуу байкелердин айткандары мени көп ойлондурчу. Өмүрүн бир эле жумушка арнап койгондор бар да ал жерде. Анан атамды жоготкондо менде катуу өзгөрүү болду. Атам деле жүрөгү каалаган нерселерди кылбай эле балдарымды багам деп жүруп каза болуп калды да. Атамдын көзү өткөнгө чейин эле айтып жүрчүмүн, «Мен бул жумуштан чыгып, чет жакка кетсем окшойт» деп. Атам ошондо негедир, «Дубайга барбайсыңбы» дечү эле. Ал учурда Дубайга баруу деген түшүмө да кирчү эмес. Анан эле кийин мынтип Дубайга келип калдым. Чет өлкөгө чыгуудагы максатым эл, жер көрүү анан албетте финансылык жактан күчтөнүү.

— Чет жакка чыкканда көбүрөөк эмнеден кыйналдыңыз?
— Жаңы келгенде кыйналган нерсем аба ырайы болду. Бул жерде аябай ысык, аба жок. Болбосо күз айларында келгем. Адам баласы баарына көнөт эмеспи, акыры көндүм.

— Англис тилин барган соң үйрөндүңүзбү же Кыргызстанда жүргөндө эле билчү белеңиз?
— Тилге мурда эле кызыкчумун. Мелис деген бир тууган иним англис тилин мыкты билет. Ал ошол Бишкекте эле англис тилдүү фирмалардын биринде иштейт. Мага да ошол үйрөттү десем болот. Эптеп ал менен сүйлөшүп калчу элем. Бул жакка тилди билем деп келгем, бирок такыр башкача экен. Турмуш баарына көндүрөт эмеспи, азыр өз оюмду кенен айтып, баарлаша алам. Мектепти бүтүп жаткан ини-карындаштарыма айтар элем, тил үйрөнгүлө деп. Тил билген адам көчөдө калбайт. Жок дегенде күнүнө өзүңөр кызыккан тилден бирден сөз жаттасаңар дагы тилди үйрөнүп аласыңар. Биздеги билим берүү министрилигине кайрылат элем, 11 жыл окуучунун кызыкпаган эле сабактарды окуп жөн эле өмүрү өтөт. Айрыкча бизде билим берүү жагына чоң реформа керек. Керексиз эле сабактардын ордуна балдардын кызыккан жагына көбүрөөк көңүл бурулуп, маани берилсе жакшы болмок.

— Эң көп эмнени  сагындыңыз?

— «Амансыңбы, мен дүйнөгө тамган жер,
Амансыңбы, балалыгым калган жер.
Асыл боюн коюнуңа сиңирип,
Амансыңбы, атакемди алган жер»,- деп бир убакта атам жазган экен, эми мынтип бул ыр менен мен жооп берип отурам. Мекенимдин муздак абасы көзүмөн учуп жатат. Бардык нерсесин сагындым. «Кыргыз жери бейиш» деген араптарды эми түшүндүм. Себеби бул жакта жаратылыш жок, кум, чөл экен да. Анан албетте үй-бүлөмдү, атамдын эрке кызы Карлыгачты сагындым.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

5358