Өлкөдө 25-марттан 3-апрелге чейин эл жана турак жай фондун каттоо жүргүзүлөт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, эл каттоо калктын социалдык жана экономикалык абалы жөнүндө маалыматтарды алуунун маанилүү булагы болуп саналат. Мында калктын билим деңгээли, нике-үй-бүлөлүк түзүмү жана өлкөнүн этнолингвистикалык курамы жөнүндө маалымат бир гана жалпы эл каттоонун натыйжасында алынат.
Ошондой эле, каттоолорго негиз катары өзүн аныктоо принциби камтылган, башкача айтканда, зарыл маалыматтар тастыктоочу документтерден эмес, респонденттин ооз эки айткан сөздөрүнөн алынат. Каттоонун жүрүшүндө сурамжылануучу жарандыгынын же каттоосунун бар-жогуна, жашаган жерине же белгилүү жашаган жерине карабастан, бардык калк эсепке алынат.
Анын жыйынтыктары демографиялык жана социалдык саясатта, өлкөнүн жана региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдоолорун жана программаларын иштеп чыгуу үчүн да кеңири колдонулат.
Башкача айтканда, эл каттоо коомдун, экономиканын, социалдык чөйрөнүн абалы жөнүндө ой жүгүртүүгө мүмкүндүк берүүчү коомдун көз ирмемдеги портрети болот жана ар кандай көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүүгө мүмкүндүк берет.