7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  

Курсы валют:

84,82
USD 0,00%
96,04
EUR 0,00%
1,10
RUB 0,00%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
0°C

Эртең өлкөнүн айрым аймактарында кар жаайт

727

Эртең, 14-январда түнкүсүн Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык зонасында жана Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Күндүз Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгалак болот.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн -3…+2

күндүз +8…+13

Талас облусунда

түнкүсүн 0…-5

күндүз +6…+11

Баткен облусунда

түнкүсүн -3…+2

күндүз +8…+13

Ош, Жалал-Абад облустарында

түнкүсүн -3…+2

күндүз +8…+13

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн -2…-7

күндүз +2…+7

Нарын облусунда

түнкүсүн -17…-22

күндүз -5…-10

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2 градус, күндүз +10…+12 градуска жетет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

728