7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  

Курсы валют:

84,83
USD 0,00%
97,28
EUR 0,00%
1,12
RUB 0,00%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
-1°C

Каракол шаары КМШ өлкөлөрүнүн расмий маданий борбору болуп жарыяланды

246

Каракол шаары КМШ өлкөлөрүнүн расмий маданий борбору болуп жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 2-январда министр Азамат Жаманкуловдун катышуусунда маданий борбордун эстафетасы Каракол шаарынын мэри Эрмат Жумаевге тапшырылган.

Бул макам аркылуу Каракол шаары КМШ мамлекеттеринин маданий борбору катары өзүнүн бай тарыхын тааныта алат. Ошондой эле Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги комплекстүү иш-чаралар планын Каракол шаарынын мэриясы менен биргеликте алып барат.

Эстафетаны кабыл алуу концерттик программа менен коштолуп, коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынган.

Белгилей кетсек, «КМШ өлкөлөрүнүн маданий борбору» эл аралык программасы КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда 2011-жылдан бери ишке ашып келе жатат. Аны алуу үчүн мүчө мамлекеттер жыл сайын талапкер катары өз шаарларын сунуштап, өлкө башчылар жыйынында чечим кабыл алынат. 2021-жылы бул макамды Тажикстандын Душанбе шаары алган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

247