Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча маселе каралып жатат.
Вице-спикер Аида Касымалиева: «Айзада Канатбекованын апасына «ачуу базар келет, күйөө балалуу болосуңар» деп ким, кайсы кызматкер айткан?» — деп сурады.
Ички иштер министри Улан Ниязбеков ал боюнча тактоо иштери жүрүп жатканын белгиледи.
Касымалиева: «Сиздер бир ай тактайсыңарбы? Силердин жумушуңарды журналисттер тактап койду. Силердин жумушуңарды чабан дагы жасап койду. Кызматкердин аты-жөнүн айткыла», — деди.
Министр: «Мен бул маалыматты чогулушта отуруп окудум, такталат», — дейт.