7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  

Курсы валют:

84,82
USD 0,00%
96,14
EUR 0,00%
1,10
RUB 0,00%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
0°C

Казакстанда орусиялык аялды жети жолу бычактап, атып кетишкен

856

Казакстанда каза болгон Орусиянын жараны Мария Кимге жети жолу бычак сайылып, андан соң башына ок тийип, каза болгон. Бул тууралуу «Mash» Telegram каналына жарыяланды.

Маалыматка караганда, 26 жаштагы орусиялык аял Казакстандын Тараз шаарында (Жамбыл облусу) кофекананын администратору болуп иштеген. Мекеменин кызматкерлери кожоюнунан алар үчүн унаа жөнөтүүнү суранышкан, бирок ал баш тарткан. Ким кофекананы жаап жатканда белгисиз бирөөлөр келип, жети жолу бычак сайып, андан соң башына атып кетишкен. Кол салгандар мекемени тоноону көздөгөндүгү такталып жатат.

Буга чейин Ким Свердлов облусунун Тавда шаарында жашаган. Анын артында үч баласы калды.

Казакстандагы нааразылык акцияларында орусиялык аял каза болгонун 14-январда Орусиянын элчилиги кабарлаган. Дипломаттар кырдаалды көзөмөлгө алуу өтүнүчү менен Жамбыл облусунун жетекчилигине кайрылышып, учурда Кимдин үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү маселесинин үстүндө иштеп жатышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

857