7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  

Курсы валют:

84,82
USD 0,00%
96,04
EUR 0,00%
1,10
RUB 0,00%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
-1°C

Казакстандагы тополоң: Талдыкорганда бир үй-бүлөдөн 3 адам каза болгон

2517

Казакстандын Талдыкорган шаарында массалык башаламандык учурунда бир үй-бүлөдөн үч киши каза болгон. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттигинин кабарчысы билдиргенин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жазып чыкты. Социалдык тармактарда маркумдарды акыркы сапарга узатуудагы видеолор да жарыяланган.

Малыматка ылайык, видеодо турак үй, үч кишинин табыты, аза күткөн тургундар көрсөтүлөт. Бир үй-бүлөдөгү аял, эркек жана алардын кызы көз жумганы айтылат.

«Бүгүн тууганыбызды кызы, аялы менен акыркы сапарга узатып жатабыз. Бир үй-бүлө жок болду. Сөөктөр унаанын артына араң батып жатат. Бардыгы чогуу жөнөтүлүүдө», — деген видеонун автору.

Ал эми бул окуя боюнча бийлик үн ката элек. Социалдык тармактагылар каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, бул тууралуу расмий маалыматтардын жоктугуна нааразы болушууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

2518