7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  

Курсы валют:

84,82
USD 0,00%
96,04
EUR 0,00%
1,10
RUB 0,00%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
-1°C

Казакстандагы ЖККУнун миссиясы бүттү. Айрым аскерлер медалдар менен сыйланышты

485

Казакстандын Алматы шаарында ЖККУнун тынчтык күчтөрүн чыгаруу иштери башталды. Бул тууралуу Zakon.kz билдирди.

Маалыматка ылайык, тынчтык күчтөрүн узатууга ЖККУнун Башкы катчысы Станислав Зас, Коргоо министринин орун басары, Казакстан Республикасынын генерал-майору Мухамеджан Таласов, Алматы шаарынын мэри Бакытжан Сагинтаев катышты.

Жамааттык тынчтыкты сактоочу күчтөрүнүн командачысы генерал-полковник Анатолий Сердюков чечкиндүү аракеттери, аскердик милдетти аткаруудагы кынтыксыздыгы үчүн бардык жеке курамга ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле бир катар тынчтык орнотуучулар «Эл аралык кызматташтыкка кошкон салымы үчүн» медалдар жана грамоталар менен сыйланышты.

«Сиздер стратегиялык жана башка маанилүү объектилерди коргоону камсыздадыңыздар. Сиздердин келүүңүздөрдүн аркасында казакстандык аскер кызматкерлери жана ички иштер кызматкерлери бандиттик элементтерди издөө жана кармоо боюнча түздөн-түз милдеттерин аткара башташты», — деди Таласов.

Белгилей кетсек, Армения Республикасы, Беларусь Республикасы, Кыргызстан, Россия Федерациясы жана Тажикстан Республикасы конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүүгө бир туугандык жардам катары Казакстандын аймагына 2030 адамдан турган өздөрүнүн аскердик контингентин жана 250 техниканы жөнөтүшкөн.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

486