7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  

Курсы валют:

84,82
USD 0,00%
96,04
EUR 0,00%
1,10
RUB 0,00%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
0°C

Казакстандын айрым аймактарында «өзгөчө абал» режими киргизилди

293

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Маңгыстау облусунда жана Алматы шаарында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Ал эми Алматыда коменданттык саат киргизилди. Бул тууралуу Акордо сайты кабарлайт.

Маалыматка ылайык, өзгөчө абал 5-январь 1:30дан баштап, 19-январь түнкү саат 00:00гө чейин уланат. Атайын режим коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана мыйзамдуулукту, тартипти калыбына келтирүү максатында киргизилип жатканы маалымдалды.

Ал эми Алматыдагы коменданттык сааттын убактысы түнкү саат 23:00дөн таңкы саат 7:00гө чейин деп белгиленди. Шаардын коменданты болуп калаанын милиция департаментинин башчысы Канат Таймерденов дайындалды.

Эске салсак, Казакстандын чоң шаарларында газдын кымбатташына улам көтөрүлүш болуп, эл бир нече имараттарды басып алды. Натыйжада Казакстандын премьер-министри отставкага кетти. Аны менен катар бир нече кызмат адамдары жумуштан алынды. Учурда кырдаалды өлкө башчы Касым-Жомарт Токаев өзү көзөмөлдөп жатат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

294