Казакстандын Qazaqstan мамлекеттик телеканалы кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновдун сурак берип жаткан видеосун социалдык тармактарынан өчүрдү.
Аталган телеканал кечээ, 9-январда, «Башаламандык уюштуруу үчүн 90 миң теңгеге жалданып келген» деген тема коюп Кыргызстандын бети-башы көгөргөн жаранынын сурак берип жаткан видеосун социалдык тармактарына жарыялаган болчу. Анда кашы жарылып кеткен Рузахунов сүйлөп, аны белгисиз адамдар митингдерге катышуу үчүн чакырып, учакка билетин алып берип, батирге жайгаштырганын айткан.