7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  

Курсы валют:

84,82
USD 0,00%
96,14
EUR 0,00%
1,10
RUB 0,00%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
0°C

Курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды

273

Чүй облусунун Кемин районунун аймагынан белгисиз үлгүдөгү тапанча, жылмакай сайлуу мылтык, Ф-1 кол гранатасы жана 5,6 × 15,6 мм R үлгүсүндөгү бир нече ондогон ок-дарылар сакталган жер табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алынган курал-жарак, ок-дарылар, жардыргыч заттар жана жардыргыч түзүлүштөр кылмышкерлер тарабынан өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн даярдалган.

Учурда алынган буюмдардын кайдан келгендигин жана бул жашыруун жайды уюштурган адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. УКМК ок атуучу куралдарды, ошондой эле ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, сатуу, сактоо, ташуу же алып жүрүү кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келерин эскертет.

Ошондой эле, ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү укук коргоо органдарына өз ыктыяры менен тапшырган адамдар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

274