7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  

Курсы валют:

84,83
USD 0,00%
97,28
EUR 0,00%
1,12
RUB 0,00%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
0°C

Кыргыз өкмөтү Казакстанга ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди

666

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 6-январда эртең менен өкмөттүн чукул жыйынын өткөрдү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө Казакстан Республикасында чыңалуунун күчөшүнө жана республиканын бүткүл аймагында өзгөчө абалдын киргизилишине байланыштуу өлкөдөгү учурдагы коомдук-саясий кырдаал талкууланды.

Министрлер кабинетинин төрагасы кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал жана Кыргызстандын аймагына кылмыштуу элементтердин жана курал-жарактарды алып өтүү коркунучу тууралуу күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин маалыматын укту. Ошондой эле финансы-экономикалык блоктун министрликтерине банк тутумунун үзгүлтүксүз иштешин, ошондой эле республиканын азык-түлүк жана отун менен коопсуздугун камсыздоо боюнча зарыл чараларды көрүү боюнча тапшырмалар берилди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекет башчынын жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Кеңешинин чечимине ылайык, Кыргыз Республикасы боордош Казакстанга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин ырастай турганын жана Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуусуна байланыштуу ЖККУнун алкагында өзүнүн союздаштык милдеттенмелерин зарыл болгон деңгээлде аткарарын билдирди.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

667