7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча эки өлкөнүн УКМК башчылары жолукту

4016

Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Гүлистан шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын делегациясын – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, ал эми Тажикстан Республикасынын делегациясын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектеди.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселеси боюнча кызуу пикир алмашуу жүрдү.

Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын делегация жетекчилери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелериндеги долбоордук линиянын өтүүсүн сүрөттөп жазууну мындан ары карай активдештирүү зарылдыгы тууралуу өз-ара толук түшүнүшүүсүн билдирди.

Кеңешме алкагында укуктук маселелер боюнча жумушчу топтордун жана топографиялык жумушчу топтордун жолугушуусу орун алды, анын жүрүшүндө адистер кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселесин талкуулоону улантышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4017