7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  

Курсы валют:

84,82
USD 0,00%
96,04
EUR 0,00%
1,10
RUB 0,00%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
-1°C

Кыргызстандан кара металлдардын сыныктарын экспорттоого убактылуу тыюу салынды

460

Кыргызстандан кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салынды. Тийиштүү чечимге Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Кабыл алынган чечимге ылайык, Кыргыз Республикасынан кара металлдын сыныктарын жана калдыктарын, эритүү үчүн кара металлдардын куймаларын (шихта куймаларын) Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына Кыргыз Республикасынан кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги тууралуу белгиленген тартипте кабарлашы тийиш.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте кабарлашы зарыл.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына кабыл алынган чечимде көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүүсү тапшырылды.

Белгилесек, кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу чечими документ расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

461