7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
24°C

Лейлекте баңгизат алып жүргөн эки жаран кармалды

338

Лейлекте унаадан Афганистанда өндүрүлгөн гашиш баңгизаты табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Баткен — Исфана жолунан К.Э. аттуу жарандын башкаруусундагы “ДЭУ-Нексия” үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унаага тинтүү жүргүзүү учурунда Афганистанда өндүрүлгөн жалпы салмагы 2 кг түзгөн, эки таңгак гашиш (чарс) баңгизаты табылган.

Ошол эле күнү Лейлек районунун Арка-2 айылында К.Э. аттуу жаран жашаган үйгө тинтүү жүргүзүлүп, короосундагы кум үймөгүндө көмүлүп катылган үч таңгак гашиш (чарс) баңгизаты табылып алынган. Табылган гашиш баңгизатынын жалпы салмагы беш килограммды түздү.

Кармалган жаран Ош шаарындагы №5 тергөө абагына киргизилип, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

339