7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
29°C

«Манас» аэропортунан Түркиянын жаранын уурдоого шектелген эки жаран изделүүдө

448

Түркиянын жаранын уурдоого тиешеси бар адамдар изделүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жазык кодексинин 165-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пунктунда (Адамды уурдоо) каралган факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, “Х.А.Д.”, “А.Б.”, “Ж.Б” жана Чүй облусунун ИИБнын «Манас» аэропортун тейлөө боюнча аба транспортунун башчысынын орун басары “П.Т.” кармалып, 2 айга УКМКнын тергөө камак жайына камалышты.

Ошондой эле, жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 1998-жылдын 8-апрелинде туулган Махаматкарим уулу Ниязалы жана 1971-жылдын 26-августунда туулган Матраимов Болот аттуу уурдоого тиешеси бар башка адамдардын да өздүгү такталды.

Азыркы учурда Махаткарим уулу Ниязалы менен Матраимов Болот изделүүдө.
Кыргыз Республикасынын УКМК төмөндөгү издөөдө жүргөн адамдар тууралуу кандайдыр бир маалыматтар болсо 0312620585, 0312660475, 0312626504 жана 102 телефондоруна кайрылууну өтүнөт.

Бул адамдар ижарага алынган батирлерде жана мейманканаларда жашырынып, жанында ок атуучу курал алып жүрүшү мүмкүн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

449