7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  

Курсы валют:

84,82
USD 0,00%
96,14
EUR 0,00%
1,10
RUB 0,00%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
0°C

Мекен сиздер менен сыймыктанат! Казакстанга жардамга кеткен аскерлер кайтып келди

311

Бүгүн 14-январь Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тынчтыкты сактоочу аскердик контингенти Казакстан Республикасынан Токмок шаарындагы туруктуу жайгашкан пунктуна келди.

Кыргыз аскер кызматчылары ЖККУга мүчө-мамлекеттеринин тынчтыкты сактоочу күчтөрүнүн курамында тынчтыкты сактоочу миссиясын Казакстандын маанилүү стратегиялык объектиси болгон Алматы шаарындагы ЖЭБ-2 Жылуулук электр Борборун коргоого алышкан.

Тынчтыкты орнотуу контингентинин салтанаттуу тосуп алуу иш-чарасына Коргоо министрлигинин жетекчилиги, Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы аскердик атташеси, Чүй облустук администрациянын жана Токмок шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, 52806 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы, ошондой эле аскер кызматчылардын туугандары жана жакындары катышты.

Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин орун басары полковник Алмазбек Карасартов, тынчтыкты сактоочуларга кайрылып жатып, коюлган милдеттерди аткарууда көрсөткөн кесипкөйлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, ЖККУнун тынчтыкты сактоочу Күчтөрүнүн коңшу Казакстандагы кырдаалды турукташтырууга кошкон салымын белгилеп өттү.

«Мекен сиздер менен сыймыктанат. Сиздер Мекенге ишенимдүү ак кызмат кылып, улуттун кызыкчылыктарын жана анын жарандарын мындан ары дагы коргоп, ак ниет менен кызмат өтөй беришиниздерге ишенем. Кызматыңыздар үчүн рахмат!», — деп баса белгиледи коргоо ведомствосунун башчысы.

Иш-чара КР КК тынчтыкты сактоочу контингентинин өздүк курамынын салтанаттуу өтүшү менен аяктады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

312