7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  

Курсы валют:

84,83
USD 0,00%
97,28
EUR 0,00%
1,12
RUB 0,00%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
-1°C

Москвада кыргыздар менен өзбектер мушташып, 15 кыргызстандык кармалды

1570

Россиянын Москва шаарынын түштүк-чыгышында Кыргызстандын жарандарынын катышуусунда болгон массалык мушташка байланыштуу элчилик билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, 2-январда Элчиликтин кызматкерлери окуянын чоо-жайын тактоо жана консулдук-укуктук жардам көрсөтүү максатында Россиянын Ички иштер министрлигинин Текстильщики райондук бөлүмүнө барган.

РИИБге 15 кыргызстандык  жеткирилген. Элчиликтин юристтеринин жардамы менен бир жаранга медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы менен окуянын катышуучуларына карата чаралар көрүлөрү маалымдалды.

Буга чейин Россиянын ЖМКлары 1-январга караган түнү Өзбекстандын үч жараны менен Кыргызстандан келген 10 мигранттын ортосунда мушташ чыгып, натыйжада үч адам денесинен оор жаракат алганын жазган. Мушташка жеке келишпестик себеп болгону айтылган.

Айта кетсек, расмий маалымат боюнча Москвада 1 миллиондон ашуун  мигрант бар. Алардын негизи бөлүгүн Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстандын жарандары түзөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

1571