Москвада массалык мушташка катышкан 20 жаштагы кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирет.
Маалыматка ылайык, Таган районунда кыргызстандыктардын катышуусунда болгон массалык мушташтан улам кылмышка шектүү катары 2002-жылы төрөлгөн кыргыз жараны кармалып, эки жаран административдик жоопкерчиликке тартылган.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 9-январында Москва шаарынын Таган районунда кыргызстандыктардын катышуусунда массалык мушташ болгон.
Белгилей кетсек, бул маселе Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин көзөмөлүндө турат.