7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  

Курсы валют:

84,82
USD 0,00%
96,14
EUR 0,00%
1,10
RUB 0,00%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
0°C

Нарын районуна 3,5 млн. сомго мык жана шуруп чыгаруучу ишкана куруу пландалууда

300

Нарын районунун Куйбышев айылына 3,5 млн. сомго мык жана шуруп чыгарган ишкана куруу пландалууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын аймактык кабарчысына «Теңир-Тоо» өнүктүрүү фондунун өкүлү Талант Ниязбеков айтып берген.

Анын айтымында, Нарындагы «Теңир-Тоо» өнүктүрүү фондунан быйылкы жылга аймактагы социалдык-экономикалык багыттагы беш долбоор каржылоого алынган.

«Биз жаңычыл долбоорлорго да көңүл буруп жатабыз. Анткени Нарын облусунда чакан орто ишкана, бизнестер абдан аз. Инновациялык жактан алдыга жылып, өндүрүштөрдү көбөйтүү максатында бул чакан ишкананы каржылоого алдык», — деген Ниязбеков.

Айылдагы көп жылдардан бери алгачкы жолу пайда болуп жаткан өндүрүштүк бул ишкананын сметасы 3 миллион 500 миң сомду түзөрүн Миң-Булак айыл аймагынын өкмөт башчысы Курманбек Кудайбергенов маалымдаган.

«Өздүк каражат катары айыл өкмөт 500 миң сом карады, ал эми өнүктүрүү фондунан 3 миллион сом акча сураганбыз. Буюрса, биз сунуштаган долбоор өтүп, сертификаттарын айдын аягында тапшырып беребиз деп жатышат. Муниципалдык ишкана жылдык көлөмү кеминде 50 тонналык продукт чыгарат. Жабдуулар жана чийки сырьё Россиядан алып келинет. Ал жерде жети киши жумуш менен камсыз болот, анын ичинен экөө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген тургундар», — деди Кудайбергенов.

Ал март, апрель айында ишти толугу менен баштоого ниеттенип жаткандыгын кошумчалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

301