7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
20°C

Ошто өспүрүм атасынын тапанчасы менен өзүн атып алды

537

Ошто 13 жашар бала атасынын тапанчасы менен өзүн атып алды. Бул тууралуу Ош облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, Кара-Суу районундагы Дыйкан-Кыштак айылында болгон. Анда Ош облустук милициянын тергөө тобунун 50 жаштагы кызматкери, өзүнө бекитилген табелдик ок атуучу тапанчасын 16 огу менен столго калтырып жуунганы кирип кеткен. Ошол кезде мектепке жөнөп жаткан 13 жаштагы уулу О.И тапанчаны кызыгып алып, ойноп жатып өзүн атып алган.

Учурда 2009-жылкы баланын абалы салыштырмалуу орто. Ок анын көкүрөгүнүн сол тарабына тийген, ички органдары жабыркаган эмес.

Бул факты боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

538