7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  

Курсы валют:

84,82
USD 0,00%
96,14
EUR 0,00%
1,10
RUB 0,00%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
-1°C

Кара-Сууда 450 миң долларга бааланган завод курула баштады

674

Ошто суюк азот өндүрүүчү заводдун курулушу башталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунун Беш-Булак айылында баасы 450 миң долларга бааланган завод ушул жылдын 1-апрелинде ачылат. Бул завод Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы фермерлерди жана асыл тукум станцияларды камсыздайт.

Саатына 10 литр суюк азот, суткасына 200 литрден ашык суюк азот чыгарат. Ошондой эле суюк азот жасалма жол менен уруктандырууда колдонулат.

Белгилей кетсек, ушундай эле завод Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйкандары үчүн суюк азотту ийгиликтүү өндүргөн Элита селекциялык станциясынын аймагында жайдын аягында ачылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

675