7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  

Курсы валют:

84,83
USD 0,00%
97,28
EUR 0,00%
1,12
RUB 0,00%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
0°C

Садыр Жапаров «2021-жылдын Президенти» деп табылды. Политологдор эмне дейт?

1369

Орусиянын «МК» маалыматтык агенттиги 2021-жылды жыйынтыктап, «Жылдын эң мыкты президенти» катары Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду аныктады.

Макалада Садыр Жапаровдун кыргыз элине жасаган кадамдары, кабыл алган чечимдери жана элдин колдоосу жазылган. Президентке мүнөздөмө берип, ал жөнүндө кененирээк «Евразия мууну» фондунун төрагасынын орун басары, политолог Игорь Шестаков айтып берген.

«Албетте, бул жылы Кыргызстандын башкаруу системасында ири өзгөрүүлөр болду. Башкача айтканда, биз парламенттик башкаруудан президенттик башкарууга өттүк. Садыр Жапаров буга чейин сөз менен гана айтылып келген саясий системаны реалдуу форматка өткөрүп, көп нерсеге чекит койду. Эгер биз ийгиликтүү өлкөлөргө көз чаптырсак, ошол эле КМШ өлкөлөрүн, келип президенттик башкарууга такалат.

Өлкө башчынын ролун күчтөндүрүү жалгыз гана Садыр Жапаровдун демилгеси менен ишке ашкан жок. Парламенттик башкаруудан тажаган элдин дагы каалоосу болду. Парламент жана анын курамындагылар 2020-жылы саламаттыкты сактоодогу көйгөйлөрдү чече алышкан жок. Алар коронавируска каршы туруп, жарандардын өмүрүн сактап калуу үчүн жан үрөшкөн дагы жок.

Жыл бою өлкө олуттуу коомдук саясий толкундоолорго туш болду, себеби биздин экономикабыздын абалы өтө оор бойдон калууда. Биз бир жылда 5 шайлоо өнөктүгүн өткөрдүк. 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоо бир гана Кыргызстанды эмес, сырт жактагы өнөктөш өлкөлөрдү, анын ичинде Россиянын кызыгуусун арттырып, жаңыланууну ачып берди. Жапаров административдик ресурстун күчүн болушунча түшүрүп, добуш сатууга жана сатып алууга катуу чара көрдү.

Өлкөнүн ичиндеги коррупцияга байланышкан маселелер Кыргызстандын көзкарандысыздыкты алгандан бери эле 30 жыл бүтпөй келе жаткан орчундуу көйгөйү. Жапаров келгенден бери бир топ коррупциянын бети ачылды, бирок бул бир гана президенттен көз каранды эмес. Аны жеңүү үчүн коомдун колдоосу керек», — деген ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

1370