7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  

Курсы валют:

84,82
USD 0,00%
96,14
EUR 0,00%
1,10
RUB 0,00%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
0°C

Таксистти сабап, күч менен тил кат жаздырып унаасын тартып алгандар кармалды

726

Бишкекте таксистти тоноп, машинесин тартып алган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектүүлөрдүн бири 18 жашта, ал эми экөө 20 жашта экени белгилүү болду. Алар Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси («Каракчылык») менен айыпталып тергөө абагына камалган.

«Арыз ээсин 1-январга караган түнү саат 2лер чамасында Бишкек шаарынан бейтааныш балдар такси катары чакырып, Аламүдүн районуна жеткирүүнү суранышкан. Белгиленген жерге барган учурда айдоочуну кур менен муунтуп, сабап, бычак менен коркутуп машинесин балдарга сатты деген тил кат жаздырып алышкан. 19-жаштагы айдоочунун телефонун алып, колу-бутун байлап калтырып кетишкен. Милициянын ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында уурдалган автоунаа Ысык-Ата районунан табылган. Шектүүлөр машинени башка бирөөлөргө сатууга аракет кылышкан. Тергөө иштери жүрүп жатат», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

727